Site icon Reporter.kg

БШК: Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар бир округдуу шайлоого катышпайт

«Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар бир мандаттуу шайлоого катыша албайт». Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында төрайым Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Жыйында парламенттик шайлоонун жүрүшү тууралуу жаңы эрежелер тааныштырылды.

«Быйыл Тышкы иштер министрлигинин өтүнүчү менен чет өлкөдө дагы 9 шайлоо пунктун ачуу каралууда. Алар төмөнкү шаарларда: Орусия –Казань, Краснодар, Самара, Томск жана Хабаровск шаарларында.; АКШ — Нью -Йорк жана Чикаго шаарларында; Түркия — Анталия.; Италия – Кальяри шаарында. Буга чейин 48 шайлоо тилкеси болсо, эми 57ге көбөйтүү пландалууда.

Мындан тышкары чет өлкөдөгү жарандарыбыз бир мандаттуу шайлоого катыша албайт, бирок пропорционалдуу шайлоого катыша алат», — деди Шайлдабекова.

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Мыйзамга ылайык, 54ү партиялык, 36сы бир мандатуу округдан шайланып келиши керек.

Exit mobile version