Site icon Reporter.kg

БШК кайра шайлоодо ким талапкер боло аларын түшүндүрдү

выборы

Бишкектин Биринчи Май жана Свердлов райондорунда “бардыгына каршы” жеңип чыккандыктан, кайра шайлоо өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиянын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын маалыматына ылайык, бул округдар боюнча көрсөтүлгөн мурдагы талапкерлер кайра шайлоого катыша албайт.

“Шайлоо мыйзамдарында “кайталап шайлоолор өткөрүлсө, шайлоону жараксыз деп табууга аракети негиз болгон шайлануучу кызматтарга талапкерлер кайра көрсөтүлүшү мүмкүн эмес” деген пункт бар. Шайлоочулар бул адамдарга добуш берген жок. Андыктан алар кайра дайындалган шайлоого катыша алышпайт”, — деди Абдыжапар Бекматов.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өттү. БШКнын алдын ала маалыматы боюнча, беш пайыздык чектен алты партия өттү. Алар: “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ыйман Нуру”.

Exit mobile version