БШК: “Кыргызстан” партиясы документтерин тапшырууга жетишти. Алар бүгүн текшерилет

БШК: “Кыргызстан” партиясы документтерин тапшырууга жетишти. Алар бүгүн текшерилет

«Кыргызстан» партиясы Борбордук шайлоо комиссиясына парламенттик шайлоого катышуу үчүн керектүү документтерди тапшыра алган жок деген маалымат чындыкка дал келбейт.

БШК Reporter.kg’ге билдиргендей, саясий бирикме документтерди тапшырды жана бүгүн, 25-августта жумушчу топтун отуруму болуп, анда алар текшерилет.

“Мыйзамга ылайык, БШК акыркы чечимди чыгаруу үчүн документтерди 24 саат бою карап чыгууга укуктуу. Демек, бүгүн, саат 18.00гө чейин, биз чечимибизди айтабыз «, — деп билдирди БШК.

Эскерте кетсек, бир нече күн мурун “Кыргызстан” партиясы курултай өткөрүп, анда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси аныкталган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>