Site icon Reporter.kg

БШК: Парламенттик шайлоого 44 саясий партия катышуу ниетин билдирди. Тизме

8-июлда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышууну каалаган саясий партиялардын документтерин тапшыруу мөөнөтү аяктады. Ага карата Борбордук шайлоо комиссиясына 44 партия кайрылды. БШК бүгүн, 9-июлда партиялардын тизмесин жарыялады.

Тизмедеги партиялар:
1. «Ата Мекен»
2. «Мекенчил»
3. «Бирик»
4. «Мекен Ынтымагы»
5. «ОРДО»
6. «Бийлик элге» («Власть народу»)
7. «Чон Казат»
8. «Кыргызстандын коммунисттеринин партиясы»
9. «Единство народа»
10. «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы»
11. «Актив»
12. «Кыргызстандын жумушчу партиясы»
13. «Республика»
14. «Кыргыз Республикасынын агрардык партиясы»
15. «Бир Бол»
16. «Демократ»
17. «Улуу журт»
18. «Кыргызстандын жашылдар партиясы»
19. «Эмгек партиясы»
20. «Социал-демократтар»
21. «Бүтүн Кыргызстан»
22. «Чистое общество» («Таза Коом»)
23. «Ар-Намыс» («Партия достоинства»)
24. «Кыргызстан»
25. «Ыйман Нуру»
26. «Ак Калпак»
27. «Мекеним Кыргызстан»
28. «Адам-Демократ»
29. «Жаратман Эл»
30. «Биримдик» («Единство»)
31. «Реформа»
32. «Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы»
33. «Глас народа»
34. «Улуу Кыргызстан»
35. «Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы»
36. «Тартип-Порядок»
37. «Замандаш»
38. «Кыргызстандын патриоттор»
39. «Элдик көзөмөл»
40. «Бүткүл жаштар саясий партиясы»
41. «КУТ»
42. «НУР»
43. «Өнүгүү-Кыргызстан»
44. «Билим Илим Ордосу».

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 3-июлда кол койгон.

Быйыл 30-июнда Кыргызстанда шайлоо босогосу тогуз пайыздан жети пайызга түшүрүлгөн.

Exit mobile version