БШК Садык Шер-Нияздын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

БШК Садык Шер-Нияздын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Борбордук шайлоо комиссиясы Садык Шер-Нияздын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу аталган комиссиянын маалымат кызматы билдирди.

БШК бүгүн, 15-октябрдагы жыйынында  “Ата Мекен” парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияздын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алды.

Токтом аталган фракциядан келип түшкөн арыздын негизинде кабыл алынган. Садык Шер-Нияздын депутаттык күбөлүгү жараксыз деп табылды.

Садык Шер-Нияз депутаттык мандатынан баш тартып, БШКга 12-октябрда арыз менен кайрылган. Ал мындай кадамга депутаттык мандатын «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге бошотуп берүү үчүн барган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>