БШК: Шаардык кеңешке шайлоого 22 партия катышат — тизме

БШК: Шаардык кеңешке шайлоого 22 партия катышат — тизме

Шаардык кеңешке шайлоого катышууга 22 партия документ тапшырды. 2-мартта тиешелүү документтерди кабыл алуу мөөнөтү бүттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

«БШКнын өкүлдөрү 13-мартка чейин документтерди карап, талапкерлерди каттап, ат салышууга укук берет», — деп айтты Шайлдабекова.

Ош шаардык кеңеши: Эмгек, Бир Бол, Мекеним Кыргызстан, Өнүгүү — Прогресс, КЛДП, Биримдик, Кыргызстан, Улуу Журт, Бирик.

Майлуу-Суу шаардык кеңеши: Өнүгүү — Прогресс, Замандаш, Элмурас, Мекеним Кыргызстан, Ата Мекен, Кыргызстан, Биримдик.

Балыкчы шаардык кеңеши: Табылга, Замандаш, Мекеним Кыргызстан, Өнүгүү — Прогресс, Улуу-Журт, Биримдик, Ата-Журт, Кыргызстан, Эмгек, Социал-демократтар, Мекен Ынтымагы.

Каракол шаардык кеңеши: Өнүгүү — Прогресс, Мекеним Кыргызстан, Кыргызстан, Бирик, Улуу-Журт, Замандаш, Биримдик, Ак-Шумкар, Улуу Кыргызстан, Мекен Ынтымагы, Республика, Табылга, КЛПД, Кыргызстан жашылдар партиясы.

Токмок шаардык кеңеши: Биримдик, Эмгек, Мекеним Кыргызстан, Эл биримдиги, Ата Мекен, Өнүгүү — Прогресс, Афган согушунун ардагерлери жана башка согуштук жаңжалдардын катышуучулары саясий партиясы, КЛПД, Кыргызстан.

Белгилей кетсек, шаардык кеңештерине депутаттарды шайлоо 12-апрелде өтөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>