БШК: Шайлоочулар өзүн 29-декабрга чейин тизмеден тактаса болот

БШК: Шайлоочулар өзүн 29-декабрга чейин тизмеден тактаса болот

Шайлоочулар өзүн 29-декабрга чейин тизмеден тактаса болот. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Ал жарандарды шайлоочулардын тизмесинен өзүн тактоого активдүү катышууга чакырды.

Ал Бишкекте өткөн маалымат жыйында тизмеден өзүнүн аты-жөнүн тактап, эгер ката табылса БШКга арыз менен кайрылуу керектигин белгиледи.

«Кыргызстандан сырткаркы өлкөлөрдө 39 миң жаран катталды. Орусиянын Москва шаарында шайлоочулардын саны көп болгондуктан дагы эки кошумча шайлоо участогу, Тюменде бир участок ачылды»,- деди Шайлдабекова.

Чет жактарда жалпысынан 48 шайлоо участогу ачылды, анын 15и Орусияда.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Ага 18 талапкер ат салышууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>