Site icon Reporter.kg

БШК спикер Мамытовду талапкер катары каттоодон баш тартты 

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин спикери  парламенттик шайлоого бара жаткан Талант Мамытовду талапкер кылып каттоодон баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзам боюнча Мамытов Жогорку Кеңештин төрагалык кызматын өткөрүп бериши керек болчу. Бүгүн бул маселе каралып БШК мүчөлөрү талапкер катары каттоодон баш тарткан.

Мамытов «Ынтымак» саясий партиясы менен шайлоого катышмак.

Exit mobile version