Site icon Reporter.kg

БШК «Ыйман Нуру» партиясынын бир талапкерин тизмеден чыгарды

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 14-сентябрдагы жыйынында “Акыйкат жана өнүгүү“ Ыйман Нуру ”саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Айпери Муратбек кызын Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды.

БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Айпери Муратбек кызынын жеке арызынын негизинде талапкерлиги алынды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо ушул жылдын 4-октябрында өтөт.

Exit mobile version