Site icon Reporter.kg

БШК: Жалал-Абаддын милициясы депутаттыкка талапкерди кармап, мыйзам бузган

Жалал-Абад облусунун милициясы Токтогул шаардык кеңешине депутаттыкка талапкер Болот Дүйшөналиевди кармап, мыйзам бузган. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

БШК милиция Дүйшөналиевди 2-ноябрда «массалык башаламандыктарга чакырык жасоо» беренеси боюнча айып тагып кармаганын, соттун чечими менен ал 22-ноябрга чейин камакка алынганын жана депутаттыкка талапкерди кармоодо мыйзам бузулганын белгилейт. Себеби мыйзамга ылайык депутаттыкка талапкерди шайлоонун расмий жыйынтыгы чыкканга чейин (кылмыш жасап жаткан жеринен колго түшүрүлбөсө эле) аймактык шайлоо комиссиясынын макулдугусуз кармоого, камакка алууга болбойт. Ошондой эле ага сот тарабынан берилүүчү чаралар колдонулбайт.

Дүйшөналиев депутаттыкка талапкер катары катталганына карабай милиция Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына кайрылып, аны жоопко тартуу үчүн макулдук алган эмес. Милиция мыйзам бузган. БШК милицияга шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин так аткаруу керектигин эскертет.

БШКнын маалыматы боюнча, милиция Болот Дүйшөналиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү өтүнүчү Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына 4-ноябрда гана кайрылган. Учурда аймактык комиссия ал кайрылууну кароодо.

Ошондой эле милиция 4-ноябрда Жалал-Абад шаардык сотуна Дүйшөналиевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, эч жакка кетпөө тилкаты менен камактан бошотуу өтүнүчү менен кайрылган. Сот депутаттыкка талапкерди камактан бошоткон.

Токтогулда депутаттыкка талапкер кармалды

Exit mobile version