БШКда кворум жок. Садык Шердин мандатын Текебаевге берүү маселесин кароо кийинкиге жылды  

БШКда кворум жок. Садык Шердин мандатын Текебаевге берүү маселесин кароо кийинкиге жылды  

Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шердин депутаттык мандатынан баш тарттуу маселесин кароо кийинкиге жылдырылды.

Буга БШК мүчөлөрүнүн тийиштүү саны жыйынга катышпагандыгы себеп болгон.

Белгилей кетсек, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатын кайтарып берүү тууралуу арыз менен Боршайкомго кайрылганы 10-октябрда белгилүү болгон.

12-октябрдагы БШКнын жыйынында “Ата Мекен” фракциясында бош мандат жоктугуна байланыштуу жана Боршайкомдун мүчөлөрү толук келбегендиктен бул маселе карабагандыгын буга чейин Абдыжапар Бекмаматов “Репортёрго” билдирген.

Кийин Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз депутаттык мандатынан баш тартып, БШКга арыз менен кайрылды. Ал мындай кадамга депутаттык мандатын «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге бошотуп берүү үчүн барган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>