Президенттикке талапкер болгон 20 адам кол тамга менен шайлоо күрөөсүн төгүп жетишти. Алар кимдер?

Президенттикке талапкер болгон 20 адам кол тамга менен шайлоо күрөөсүн төгүп жетишти. Алар кимдер?

Президенттин кызмат ордуна талапкерлер кол топтоо баракчаларын тапшырышты жана шайлоо күрөөсүн төлөштү. 2020-жылдын 3-декабрында саат 23: 59га карата Борбордук шайлоо комиссиясына 21 талапкердин кол тизмелери келип түштү. Бул тууралуу аталган комиссиянын маалымат кызматынан билдиришти.

  1. Б.Төлбаев — 58 миң 29 кол, шайлоо күрөөсү 27-ноябрда төккөн;
  2. С. Жапаров – 59 миң 998 кол, шайлоо күрөөсүн  1-декбарда төккөн;
  3. А.Касенов — 46 270 кол, шайлоо күрөөсү 18-ноябрда төккөн;
  4. А.Абдылдаев — 47998 кол, шайлоо күрөөсү 2-декабрда төккөн;
  5. Р.Жээнбеков — 39 874 кол, шайлоо күрөөсү 2-декабрда төккөн;
  6. К.Асанов — 43864 кол, шайлоо күрөөсү 02-декабрда төккөн;
  7. Э.Абакиров — 43630 кол, шайлоо күрөөсү 2-декабрда төккөн;
  8. А.Мадумаров — 39 856 кол, шайлоо күрөөсү 27-ноябрда төккөн; 
  9. А.Сегизбаев — 55480 кол, шайлоо күрөөсү 2-декабрда төккөн;
  10. К.Чороев — 39 053 кол, шайлоо күрөөсү 3-декабрда төккөн;
  11. Ж.Байгуттиев — 51 896 кол, шайлоо күрөөсү 2-декабрда төккөн;
  12. М.Арстанбек — 33.083 кол, шайлоо күрөөсү 2-декабрда төккөн;
  13. К.Сооронкулова — 33458 кол, шайлоо күрөөсү 3-декабрда төккөн;
  14. Р. Тагаев — 40 651 кол, шайлоо күрөөсү 2-декабрда төккөн;
  15. Б.Калмаматов — 35 300 кол, шайлоо күрөөсү 2-декабрда төккөн;
  16. К.Иманалиев — 35658 кол, шайлоо күрөөсү 3-декабрда төккөн;
  17. И.Ташов — 39 493 кол, шайлоо күрөөсү 3-декабрда төккөн;
  18. К.Токтосунов — 30106 кол, шайлоо күрөөсү 3-декабрда төккөн;
  19. У.Кочкоров — 43 804 кол, шайлоо күрөөсү 3-декабрда төккөн;
  20. К.Исаев — 38.987 кол, шайлоо күрөөсү 3-декабрда төккөн;.
  21. С.Ибраев 15 миң 33 шайлоочу,  шайлоо күрөөсү төгүлгөн эмес. Буга байланыштуу кол коюлган барактар ​​ талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө кайтарылган.

Мыйзамга ылайык, талапкер шайлоочулардын кеминде 30 миң колу менен колдоого алынышы зарыл жана бул учурда берилген кол тамгалардын саны шайлоочулардын 60 миң кол тамгасынан ашпашы керек.

БШКнын жумушчу тобу талапкерлер тарабынан берилген шайлоочулардын кол тамгалары  8 календардык күндүн ичинде текшерилип бүтөт.

Белгилей кетсек, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун үгүт иштери 15-декабрда башталат, ал эми 2021-жылдын 10-январында шайлоо өтөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>