Site icon Reporter.kg

БШКны 9 жылдай жетектеген Шайлдабекова кызматтан кетти

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кызматтан кетти. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Шайлдабекова 10-февралда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, ал БШК мүчөлөрү тарабынан канааттандырылган. Ошол эле күнү төрагалыкка шайлоо өтүп, бул кызматка Тынчтык Шайназаров шайланган.

Шайназаров 2020-жылдын сентябрынан 2021-жылдын июлуна чейин БШКнын мүчөсу болуп иштеп, андан бери төрайымдын орун басары кызматын ээлеп келе жаткан.

Кызматтан кеткен 56 жаштагы Нуржан Шайлдабекова БШКны дээрлик 9 жылдай жетектеди. Ал төрайым кызматына 2016-жылдын 27-июнунда келген.

Exit mobile version