Site icon Reporter.kg

БШКнын алдына 7 партия митингге чыкты

Бүгүн, 22-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары менен макул болбогон партиялардын өкүлдөрү митингге чыгышты.

Митингге чыккан партиялар: «Кыргызстан коммунисттер партиясы», «Улуу журт», «Улутман», «Тынчтык», «Бүтүн Кыргызстан, «Айкөл Кыргызстан» жана «Бийлик элге». Алар 11-апрелде өткөн аймактык шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 11-апрелде  жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өттү. Добуш берүү 28 шаарда жана 420 айылда жүргүзүлгөн.

Exit mobile version