Site icon Reporter.kg

БШКнын мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимов камакка алынды

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимов камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызмат өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктаганы айтылат. Ал Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы болуп турганда кызматтык абалынан пайдаланып, Ысык-Ата районунун Жээк айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерин «Кайнар» ЖАКсына 11,2 гектар аянтты ээлеген таштанды таштоочу жайды бөлүп берүүгө мажбурлаган.

«Бул ЖАКда Туйгунаалы Абдраимовдун үлүшү акциянын 95 пайызын түзөт. Ошону менен бирге Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын буйругуна ылайык, «Кайнар» жабык акционердик коомуна бул аймактагы бардык санитардык-экологиялык нормаларды сактоо милдеттендирилген жана түзүлгөн келишимдер боюнча 2015-жылдан бери шаардын мэриясы Кант шаарынын «Кайнар» ЖАКсы катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу үчүн ай сайын 250 миң сом төлөп келет. Бирок “Кайнар” жабык акционердик коому катуу тиричилик таштандыларын чыгарууда эч кандай санитардык нормаларды сактабайт, полигон уюштуруу менен гана чектелет”, — деп маалымдады УКМКнын маалымат кызматы.

Учурда Туйгунаалы Абдраимов УКМКнын СИЗОсуна киргизилгенин белгиленди.

Биздин телеграм каналга жазыла кетиңиз — https://t.me/reporter_kyrgyzcha
Exit mobile version