Site icon Reporter.kg

Буйрутма менен ишкерди тоноп, өлтүрмөкчү болгондор кармалды

Жалал-Абад облусунун тургунун үйүнө кол салуу учурунда, кылмыш үстүндө Ш.В.  жана К.Р. аттуу жарандар колго түштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Кармалгандардын бири буга чейин соттолгон жана ал буйрутма менен кылмышты уюштурган. Ал жергиликтүү тургунду тоноп, өлтүрүүнү пландаган.

ИИМдин билдирүүсүндө, даярдалып жаткан кылмыш боюнча милицияга маалымат түшүп, анын алдын-алуу аракеттери көрүлөт. Шектүү өзүнө шерик издеп, ири суммадагы акчаны сунуштап келген.

Милиция атайын операциянын жүрүшүндө кылмыштын алдын-алып, адам өмүрүн сактап калды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version