«Бул чоң дипломатиялык жаңжал» — Алканова АКШнын Матраимов боюнча берген комментарийине жооп кайтарды

«Бул чоң дипломатиялык жаңжал» — Алканова АКШнын Матраимов боюнча берген комментарийине жооп кайтарды

«Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан депутаттыкка талапкер журналист Элнура Алканова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иши боюнча АКШ элчилигинин комментарийине жооп кайтарды.

Буга чейин АКШнын элчилиги Матраимов тууралуу жаңылыктардын алдында комментарий калтырган: “АКШ элчилиги Райымбек Матраимов боюнча УКМКнын ишине дагы башка адамдар катышкандыгын белгилейт. 

Алканованын айтымында, бул чоң дипломатиялык жаңжал.

“Эмне үчүн америкалыктар Кыргызстандын ички ишине кийлигишет? Алар эмненин негизинде “кыргыз элинен уурдаган адам жоопко тартылат” деп жазышат? Сотсуз жана тергөөсүз элчиликтин кийлигишүүгө жана тергөөнүн жүрүшүнө баа берүүгө укугу жок.

Төмөнкү даражадагы мурунку кыргыз чиновниги АКШнын Мамлекеттик департаментинин саясий кызыкчылыгы болуп калат деп өмүрүмдө эч качан ойлогон эмесмин.

АКШ элчилигинин комментарий берүүсү — бул мамлекеттин эгемендигине, өлкөнүн ички ишине кийлигишүүгө жана тергөө иштерине кысым көрсөтүүгө жасалган аракет», — деп жазган журналист.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>