Site icon Reporter.kg

Бул ооруну оңой ойлобогула! Каранавируска чалдыккан тургун элге кайрылды – видео

Коронавирус жугузуп алып, ооруканада жаткан Ат-Башы районунун тургуну видео аркылуу элге кайрылды. Анын видеосун Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы Кубат Оторбаев «Инстагарм» баракчасына жүктөдү. 

“Бул ооруну оңой ойлобогула. Мен дагы ооруну жугузуп алып, алгачкы күндөрү аябай кыйналдым. Башында ооруга көп көңүл бурган эмесмин, бирок башыма келгенден кийин билип олтурам. Эгер ооруканага келбесем кандай болот эле, билбейм.  Коронавирус менен күрөшүп жаткан ак халатчандардын эмгегене ырахмат”, — деген ал.

Белгилей кетсек, Ат-Башы районунда 74 адам коронаирус жуктуруп алган.

5-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 843 адамга жетти. Алардын ичинен 600 бейтап ооруну жеңип чыккан. 11 бейтап кайтыш болсо, учурда 8 бейтап оор абалда жатат.

Exit mobile version