Site icon Reporter.kg

Бундеслига: Акжол Махмудов экинчи жеңишине жетишти (видео)

акжол

Кыргызстандын грек-рим балбаны Акжол Махмудов Германиянын клубдук чемпионаты Бундеслигада экинчи жеңишине жетишти.

Махмудов Германиянын «Шорндорф» клубунун катарында 86 кг салмакта күрөшүүдө.

12-октябрда «Шорндорф» клубу «Ваккер Бургхаузен» командасы менен таймашып, 14:13 эсебинде жеңишке жетти.

Бул таймашта Махмудов германиялык Роланд Шварц менен күч сынашты. Ал атаандашын 9:1 эсебинде жеңди.

Махмудов «Шорндорфтун» катарында күрөшө баштагандан бери 3 беттеш өткөрдү. Анын экөөндө жеңишке жетип, бирөөндө жеңилүү ызасын тартты.

Эми анын клубунун кийинки беттеши 19-октябрда өтөт.

Exit mobile version