Site icon Reporter.kg

БУУ: Дүйнө элинин саны 8 млрдга жетет. Өсүү басаңдоодо

БУУнун маалыматында, калктын көбөйүшү климаттык кризис сыяктуу маселелерди чечүү зарылдыгын көрсөтүп турат.

Бириккен Улуттар Уюму 15-ноябрга чейин жер шарынын калкынын саны сегиз миллиардга жетет жана келерки жылы Индия Кытайды басып өтүп, дүйнөдөгү эң жыш өлкө катары биринчи орунга чыгат деп болжолдоодо.

Дүйшөмбү күнү БУУ дүйнө калкынын бир миллиардга жетүүсү үчүн жүз миңдеген жылдар, ал эми жети эсеге көбөйүшү үчүн болгону 200 жыл керек болгонун белгиледи. 2011-жылы жети миллиард болгон.

Бириккен Улуттар Уюмунун Экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаментинин болжолдоосунда дүйнө калкынын 1950-жылдан берки эң жай өсүш менен өсүүдө деп айтканы менен, мурдагы тез өсүштүн кесепеттери жакынкы жылдарда сезиле турганын айтууда.

«Бул өсүш, негизинен, репродуктивдүү куракка чейин аман калган адамдардын санынын көбөйүшү менен шартталган жана төрөттүн көрсөткүчтөрүндөгү олуттуу өзгөрүүлөр, урбанизациянын өсүшү жана миграциянын ылдамдашы менен коштолду. Бул тенденциялар келечектеги муундарга чоң таасир тийгизет», — деп айтылат БУУнун билдирүүсүндө.

Докладда дүйнө калкынын 2030-жылы 8,5 миллиардга жана 2050-жылы 9,7 миллиардга жетээри, 2080-жылдары 10,4 миллиардга жетет жана 2100-жылга чейин бул деңгээлде турукташаары болжолдонууда.

БУУ калктын санынын өсүшү саламаттыкты сактоо жана экономикалык өнүгүүнүн жетишкендиктерин көрсөтүү менен бирге, дүйнөдөгү эң орчундуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн эффективдүү саясаттын зарылдыгын да баса белгиледи.

«Прогресс универсалдуу эмес, ал теңсиздикти устарадай курч кылат» дейт анда.

«11 жыл мурун көтөрүлгөн ошол эле маселелер жана кооптонуулар: климаттын өзгөрүшү, зордук-зомбулук, дискриминация бойдон калууда же начарлап кетти.«

Докладга ылайык, жакынкы он жылдыктарда болжолдонгон дүйнө калкынын өсүшүнүн жарымынан көбү сегиз гана өлкөдө байкалат.

Алар Конго Демократиялык Республикасы, Египет, Эфиопия, Индия, Нигерия, Пакистан, Филиппин жана Танзания экендиги белгиленген.

Exit mobile version