БУУ коронавирус дүйнөдөгү кайсы өлкөнү жок кылып коё турганын айтты

БУУ коронавирус дүйнөдөгү кайсы өлкөнү жок кылып коё турганын айтты

Коронавирус пандемиясы жер жүзүнөн Йеменди жок кылып коё алат. БУУнун качкындар комитетинин Йемендеги өкүлү Жан-Николя Бозе өлкө коронавирус менен күрөштө өтө алсыз экендигин айткан. Бул тууралуу Sky News басылмасына таянып riafan.ru жазды.

Жан-Николя Бозе өзүнүн билдирүүсүндө, инфекцияны жугузуп алгандардын саны тездик менен өсүп жатканын белгилеген. Өлкөдө дары-дармектер, медициналык жабдуулар, дарыгерлер жетишсиз. Жада калса, коронавируска чалдыккандардын болжолдуу санын билүү үчүн дагы тесттер жок

Йеменде беш жылдык жарандык согуштун кесепетинен медициналык мекемелердин жарымы талкаланып калган. Коронавируска чейин эле Йеменде башка жугушту оорулар болгон. Жергиликтүү элдин иммунитети өтө алсыз, көтөрө албайт.
БУУнун маалыматына ылайык, учурда 80% йемендиктер (24 млн киши) гуманитардык жардамга муктаж. Ал эми медикалык инженер Луай Таха аль-Махбашинин айтуусу боюнча, Йемен дүйнө картасынан чыгып калышы мүмкүн, анткени, абал чынында өтө оор.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>