Site icon Reporter.kg

БУУ: Кыргызстандагы бийликтин лигитимдүү өкүлү Сооронбай Жээнбеков

Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстандагы Конституциялык бийликтин лигитимдүү өкүлү деп президент Сооронбай Жээнбековду гана таанайыт. Бул тууралуу  БУУнун баш катчысынын атайын өкүлү Наталья Герман Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө айткан.

Тышкы иштер министрлиги тараткан бидирүүдө, БУУнун өкүлү президент Жээнбековдон укуктук талаанын алкагында бардык кызыктар тараптар менен мамлекет үчүн ишенимдүү чечим табаарына үмүт артаарын билдирген.

Ошондой эле ал БУУ ар дайым Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү болгонун жана болуп кала берерин, түзүлгөн кырдаал тынчтык жолу менен чечилеринен үмүт арткан. Мындан сырткары БУУнун Башкы катчысы А.Гутерриш Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга тыкыр көз салып турганын белгилеген.

ϴз кезегинде министр Чыңгыз Айдарбеков өз учурунда колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген үчүн Наталья Германга ыраазычылык билдирген.

Exit mobile version