БУУ Кыргызстандын бажы тутумун санариптештирүүгө көмөк көрсөтөт

БУУ Кыргызстандын бажы тутумун санариптештирүүгө көмөк көрсөтөт

Премьер-министр Улукбек Марипов Бириккен улуттар уюмунун Конференциясынын соода жана өнүктүрүү боюнча (ЮНКТАД) баш катчысынын милдетин аткаруучу Изабель Дюранд менен видеоконференцбайланыш режиминде жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Пикирлешүүнүн жүрүшүндө бажы тутумун санариптештирүү маселеси талкууланып, бажы тариздөөсүнө кетчү убакытты, коррупциялык көрүнүштөрдү олуттуу кыскартууга  мүмкүндүк берүүчү жана өлкө бюджетин толуктоого шарт түзүүчү бажы маалыматтарын иштеп чыгуунун автоматташтырылган тутумунун (ASYCUDA) бетачары тартууланган.

Премьер-министр белгилегендей, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде бажы процедураларын санариптештирүү Өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардан болуп саналат.

“Өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсү жана соода, финансы, технологиялар, инвестициялар маселесин өнүктүрүү боюнча ЮНКТАДдын координациялык борбор катары ролун баса белгилеп кетким келет. Кыргыз Өкмөтү сиздердин уюм менен ар кыл багыттар боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга ишеним билдирет. Бир катар өлкөлөрдөгү ASYCUDA тутумунун ийгиликтүү ишке ашырылышы аталган тутумдун республикабызда ишке киргизүү мүмкүндүгү, биринчи кезекте бажы процедураларын башкарууну жакшыртып, бюджеттин киреше бөлүгүнө жагымдуу таасирин тийгизет деп ишенебиз. Биз ASYCUDA тутумун пайдаланууга кызыкдар экенибизди билдиребиз жана ЮНКТАД менен мындан ары карай кызматташууга ниеттенүүдөбүз”, — деген ал.

БУУ Конференциясынын соода жана өнүктүрүү боюнча баш катчысынын милдетин аткаруучу Изабель Дюранд өз кезегинде өз-ара кызыгууну пайда кылган бир катар багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө жана көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>