БУУда өмүрүнүн аягына чейин соттолгон Азимжан Аскаровду абактан бошотуу сунуш кылынды

БУУда өмүрүнүн аягына чейин соттолгон Азимжан Аскаровду абактан бошотуу сунуш кылынды

Акыркы эки жылда өлкөдө адам укуктарын коргоо жаатында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берген кыргызстандык делегацияга Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) мүчөлөрү сунуштарын жана каалоолорун айтышты.

Кыргызстанга өз сунуштарын берген өлкөлөрдүн ичинен Ирландиянын өкүлү «2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деген сыяктуу бир нече оор беренелер менен айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаровдун тагдырына кызыгып, укук коргоочуну бошотууга үндөдү. Кыргызстандагы сот тармагында жасалып жаткан иштер тууралуу баяндама жасаган Жогорку соттун судьясы Кенешбек Токтомамбетов айтылган сунуштарга жооп берип жатып, Азимжан Аскаровдун ишине токтолду. Анын айтымында, Аскаровго Кыргызстандын мыйзамдарына шайкеш өкүм чыгарылган. Ошондой эле ал Аскаровдон кассациялык арыз келип түшкөнүн, ал жакында карала турганын кошумчалады.

Сунуштардын арасында өлкөдө сөз эркиндигинин сакталышы, аялдар менен балдардын, улуттук жана жыныстык азчылыктардын, майып балдардын билим алуу укуктарын сактоо жана камсыз кылуу жаатында да айтылды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>