Site icon Reporter.kg

БУУда сүйлөгөн сөзүмдү өзүм жаздым, — Жапаров

Президент Садыр Жапаров Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында сүйлөгөн сөзүн өзү жазганын “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.  

— Алгачкы эле суроом БУУдагы сөзүңүзгө байланыштуу. Жогорку трибунада сүйлөгөн сөзүңүз коомчулук тарабынан аябай жылуу кабыл алынды. Тажик тарапты ачык эле агрессор деп атадыңыз. Ушул ассамблеянын жалпы дебаттарында сүйлөгөн сөзүңүздүн текстин ким жазды? Спичрайтерлерби, дипломаттарбы же өзүңүзбү? Коомчулукта бирөөлөр жазып берди да деген сөздөр да болуп жатат?

—  БУУда сүйлөгөн сөзүмдү өзүм жаздым. Болгондо да учакта кетип бара жатып өтө маанилүү жерлерин толуктадым. Спичрайтерлер чек ара маселесин чечүүдө же кандайдыр бир жолугушууларга мени менен бирге катышкан эмес да. Маселе кандай чечилип же чечилбей жатканынан кабарлары жок. Спичрайтерлер менен президенттин администрациясындагы тиешелүү бөлүмдөр өлкөбүздүн ички иш-чараларда сүйлөй турган сөздөрүмдү гана алдын ала даярдашат. Бирок ошондо да баары бир көпчүлүк жерлерин өзүм оңдойм, алымча-кошумча кылам дегендей. БУУда сүйлөй турган сөзүмдүн ар бир тамгасын «Жети өлчөп, бир кеспесем» болбойт эле. Себеби БУУнун жогорку трибунасы оюнчук эмес да. Анын үстүнө бул маселе жөнөкөй маселе эмес, өтө олуттуу маселе.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version