Site icon Reporter.kg

БУУнун Бишкектеги кызматкеринин сөөгү батирден табылды

Бишкекте БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) өкүлү каза болду. Маалыматты Бишкек шаардык милициядан тастыкташты.

Башкалаанын Раззаков көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен британ жаранынын сөөгүн милиция кызматкерлери табышты. Билдирүү Аднан Керешинин кесиптештеринен келген.

Окуя болгон жерге Биринчи Май райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу дароо жөнөп, ал жерден К.А.нын сөөгү табылган, кароо учурунда күч колдонуу менен өлтүрүлгөнү байкалаган эмес. Ага алдын-ала медициналык текшерүү жүрүп, жүрөк оорусунан көз жумганы айтылат.

Exit mobile version