Бужумдуктар ооруканага “Тез жардам” унаасын белек кылышты – сүрөт

Бужумдуктар ооруканага “Тез жардам” унаасын белек кылышты – сүрөт

Баткен облусунда айыл эли ФАПка “Тез жардам” унаасын сатып беришти. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. 

Баткен районунун Бужум айылынын эли биригип, каражат топтоп, “Тез жардам” унаасына ыңгайлаштырылган «Мерседец- Бенц» Спринтер үлгүсүндөгү автоунааны аймактагы үй бүлөлүк дарыгерлер борборуна белекке беришти.

Буга чейин айылды тейлеген “Тез жардам” унаасы ремонтко муктаж болгондуктан, толук кандуу иш алып барууда кыйынчылыктар жаралып келген.

Эми аталган “Тез жардам” унаасы Кара-Булак жана Бужум айылынын 15 миң калкын тейлейт.

[su_image_carousel source=»media: 49203,49204,49205″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>