Бүгүн, 22-августта Бишкек шаардык сотунда блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбектин (Адилет Балтабай) баш коргоо чарасы каралат.
Отурум саат 14:30га белгиленген. Анда Адилет Балтабайдын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу анын жактоочусунун арызы каралат.
Эскерте кетсек, Адилет Али Мыктыбек массалык башаламандыкка чакырык жасоого шектелип 30-июнда камакка алынган.
Активист Адилет Балтабайдын жубайы: Сын пикири үчүн камалганы адилетсиздик (маек)
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Сүрөт Токтосун Шамбетовдуку