Site icon Reporter.kg

Бүгүн акын Аскат Жетигендин соту болот

Бүгүн, 19-сентябрда Бишкек шаардык сотунда акын Аскат Жетигендин апелляциялык арызы боюнча соттук процесс уланат.

Соттук отурум саат 16:00го белгиленген.

Эскертке кетсек, УКМК Аскат Жетигенге эки берене боюнча кылмыш ишин козгогон. Ишти караган Свердлов райондук соту 1-июлда өкүм чыгарган. Сот аны «массалык башаламандыктарга чакырыктар» беренеси боюнча актаган. Бирок «бийликти күч менен басып алууга чакырыктар» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыраткан. Акын соттун өкүмү менен макул болбой шаардык сотко апелляция менен кайрылган.

Аскат Жетиген — ырчы, акын, обончу, комузчу. Ал элге «Зарыкканда», «Кусалык», «Кыргызым» аттуу ырлары менен таанымал. 18 жашында «Ордо Сахна» фольклордук-этнографиялык ансамблин жетектеген. Буга чейин ал азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видеокайрылууларды жасап келген.

15-мартта ал бийликти сындап, каарып-сөккөн видеокайрылуусун чыгарган. Бул видеодон кийин эле 16-мартта УКМКнын кызматкерлери Аскат Жетигенди Кочкордон кармап, Бишкекке алып кеткен. Бирок ал 15-марттагы эмес, ага чейинки видеокайрылуусу үчүн 2022-жылы козголгон кылмыш иши боюнча кармалганы кабарланган. УКМК ага «бийликти басып алууга чакырык жасоо» деген айып таккан.

Акын 48 саат камакта болгондон кийин 18-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан аны эч жакка кетпөө тилкаты менен бошотулган.

Бирок Аскат Жетиген 20-мартта УКМК тарабынан кайра кармалган. Бул ирет анын кармалышына 15-марттагы видеосу себеп болгон. Ага «массалык башаламандыктарга чакырык» беренеси менен иш козголгон.

Кийин иш тергелип бүтүп, Свердлов райондук сотунун кароосуна жөнөтүлгөн. 23-майдагы соттук отурумда Аскат Жетиген УКМКнын кызматкерлери кыйноого алганын билдирген. Акындын билдирүүсү боюнча УКМК азыркыга чейин үн ката элек.

Exit mobile version