Site icon Reporter.kg

«Ала-Тоо» аянты сегиз саатка жабылат

Бүгүн, 31-августта «Ала-Тоо» аянты саат 16.00дөн 00.00гө чейин жабык болот. Бул тууралуу Кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгү Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык концертке байланыштуу жабылат.

Айдоочулар алдын ала маршрутту пландоону суранышат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version