Бүгүн Чүй проспектисинин «Ала-Тоо» аянтындагы бөлүгү жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Кечке жуук, саат 18.00дөн тарта Чүйдүн Панфилов көчөсүнөн Эркиндик сейил багына чейинки тилкеси жабык болот.
Чектөө борбордук аянттагы жаңы жылдык балатынын отун жандыруу салтанатына байланыштуу, иш чара бүткөндөн кийин жол кайра ачылат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз