Бүгүн, 1-июнда Бишкекте грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы дүйнөлүк рейтингдик мелдеш башталат.
Белгилүү болгондой, мелдеш 1-4-июнда «Бишкек-Арена» муз аянтчасында өтөт. Ага дүйнөнүн булуң-бурчунан 500дөн ашык спортчу катышып, 30 комплект медаль ойнотулат. Кыргызстандан атынан рейтингдик мелдешке 46 балбан катышат.
Мелдештин программасы:
1-июнь — Грек-рим күрөшү;
2-июнь — Грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү;
3-июнь — Кыз-келиндер жана эркин күрөш;
4-июнь — Эркин күрөш.
Беттештер күн сайын саат 10:30да башталат. Ал эми финалдык таймаштар 18:00до.
Бул мелдеште байгелүү орундарга илинген балбандарга медаль жана рейтингдик упайлардан тышкары, акчалай сыйлык берилет.
Акчалай сыйлыктар:
1-орун — 1500 швейцариялык франк (145 миң сом)
2-орун — 750 швейцариялык франк (72 миң сом)
3-орун — 500 швейцариялык франк (48 миң сом)
Бишкекте күрөш боюнча ири мелдеш өтөт. Турнирге кимдер катышат?
Биздин Телеграм каналга катталыңыз