Site icon Reporter.kg

Бүгүн Бишкекте самбо боюнча дүйнө чемпионаты башталат

Бүгүн, 11-ноябрда Бишкекте самбо боюнча дүйнө чемпионаты башталат.

Биринчилик «Газпром» ден соолукту чыңдоо борборунда өтүп, 13-ноябрга чейин уланат.

Мелдеш спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча кыз-келиндер жана эркектер арасында өтөт. Чемпионатка 50дөн ашык мамлекеттен спортчулар келет. Ошондой эле, самбо боюнча дүйнө чемпионатынын тарыхында алгач ирет бул биринчиликке качкындар командасы катышат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version