Бүгүн Бишкекте самбо боюнча дүйнө чемпионаты башталат

Бүгүн, 11-ноябрда Бишкекте самбо боюнча дүйнө чемпионаты башталат. Биринчилик «Газпром» ден соолукту чыңдоо борборунда өтүп, 13-ноябрга чейин уланат. Мелдеш спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча кыз-келиндер жана эркектер арасында өтөт. Чемпионатка 50дөн ашык мамлекеттен спортчулар келет. Ошондой эле, самбо боюнча дүйнө чемпионатынын тарыхында алгач ирет бул биринчиликке качкындар командасы катышат. Биздин Телеграм каналга катталыңыз