Site icon Reporter.kg

Бүгүн Бишкекке жылуулук бериле баштайт

Бүгүн, 26-октябрда Бишкек шаарында жылуулук бериле баштайт.

Мэриянын маалыматына караганда, Бишкек шаарынын ЖЭБине, «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун филиалына, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасына, ведомстволук отканалардын жетекчилерине жылуулук жабдууларын, жылуулук тармактарын ишке киргизүүнү жана жылуулукка кошууну камсыз кылуу тапшырылды.

Жылуулук алгач:

— ооруканалар, балдар бакчалары, мектептер, төрөт үйлөр жана социалдык коргоо мекемелери;

— объекттин кышкы шарттарда иштөөгө даярдыгынын актысы бар турак жай имараттарына, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерине жылуулук берилет.

Бишкекке качан жылуулук берилери айтылды

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version