Site icon Reporter.kg

Бүгүн Бишкектеги PWL-3 мелдешинде кыргызстандык балбандар күрөшөт

Бүгүн, 20-декабрда Бишкекте Поддубный лигасы (Poddubny Wrestling League-3) мелдеши өтүп, ага кыргызстандык үч балбан катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Күрөш федерациясынан билдиришти.

Спорт ордосунда өтө турган мелдешке Кыргызстандын атынан грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Үзүр Жусупбеков (97 кг) жана кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова (68 кг) катышат.

Бул мелдеште кыргызстандык спортчулар россиялык балбандар менен күрөшөт. Жоламан Шаршенбеков Анвар Аллахьяров (мындан мурдараак Эмин Сефершаев күрөшөрү кабарланган, бирок сыркоолоп калганына байланыштуу мелдешке катышпай турган болгон), Үзүр Жусупбеков Александр Головин, ал эми Мээрим Жуманазарова Ксения Буракова менен күч сынашат.

Таймаштар саат 19:00до башталат.

Эскерте кетсек, Жоламан Шаршенбеков Анвар Аллахьяров менен Поддубный лигасынын октябрь айында өткөрүлгөн мелдешинде күрөшүп, атаандашын 9:6 эсебинде жеңип алган.

Поддубный лигасы мелдеши быйыл түзүлгөн. Буга чейин ал Москвада эки ирет өткөрүлгөн. Поддубный лигасынын Бишкектеги мелдеши чет жерде өткөрүлө турган алгачкы турнир болот.

«Поддубный лигасы» мелдешинде Акжол Махмудов күрөшөбү? Жооп

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version