Site icon Reporter.kg

Бүгүн Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат. Коргоо министрлиги парадка техника алып келе жатат

Бүгүн, 6-майда Бишкекте кечки саат 20:00дөн тарта айрым көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.

Коргоо министрлиги Жеңиш күнүнө карата өтө турган парадка Токмок шаарынан аскердик жана атайын техникаларды ташып келе жатат. Буга байланыштуу төмөнкү көчөлөр жабылат:

Параддан кийин техника Чүй жана Дэн Сяопин проспектилери аркылуу өтүп, андан соң Лумумба көчөсү менен борбор калаанын түндүк жагына жөнөйт.

Эске салсак, парад 8-майда Ала-Тоо аянтында өтөт. Ага 3 миңдей адам жана 120дан ашуун аскердик жана атайын техника катышат.

Exit mobile version