Site icon Reporter.kg

Бүгүн Бишкектин райондорунда суу кечке чейин өчүрүлдү. Тизме

Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда таза суу саат 22.00гө чейин өчүрүлдү. Бул тууралуу “Бишкексууканал” ишканасынын өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынан билдиришти.

Башкармалыктын маалыматына караганда, 21-апрелде саат 9:00дөн 22:00гө чейин борбор калаанын айрым райондоруна таза суу берүү чектелди.

Төмөнкү аймактарда суу болбойт:

Ала-Арча, темир жол линиясы, Жибек Жолу проспектиси, Жаш Гвардия бульвары;

Жаш Гвардия, темир жол линиясы,  Фрунзе көчөсү жана Манас проспектиси;

Дэн Сяопин проспектиси, Ала-Арча дарыясы, Бөкөнбаев, Кулиев, Москва, Фучик, Казаков көчөлөрүндө суу жок болот.

Өчүрүү суу түтүктөрүнө оңдоо иштерине байланыштуу болуп жатат.

Exit mobile version