Бүгүн, 10-июлда, Бишкек шаарында жарандарга кезектеги ипотекалык батирлердин ачкычтары расмий түрдө тапшырылат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компания маалымдады.
Батирлер К.Молдобасанов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдөн берилүүдө. Бул аймакта курулган 225 батирлүү 3 турак жай 2025-жылдын жай айларында бүткөрүлө турганы мурда кабарланган.
Салтанаттуу иш-чарага Президент Садыр Жапаровдун катышары күтүлүүдө.
Мамлекеттик ипотекалык программа алкагында калкты жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу максатында мындан ары да үйлөр тапшырылары белгиленүүдө.