Site icon Reporter.kg

Бүгүн Кыргызстанда 9 мектептин, 2 бала бакчанын ачылышы болду

Бүгүн, 6-майда Кыргызстанда 11 билим берүү мекемесинин ачылышы болду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.

Алардын ичинен сегизи мектеп, экөө бала бакча жана бирөө мектепке салынган кошумча корпус. Жаңы ачылган билим берүү мекемелеринин алтоо Ысык-Көлдө, экөө Ош облусунда жана калган үчөө Бишкек, Чүй жана Баткенде жайгашкан.

Белгилей кетсек, Ош шаарында ачылган 720 орундуу Исхак Раззаков атындагы мектеп-гимназиясынын ачылышына президент Садыр Жапаров катышты.

Мектеп менен бала бакчалардын тизмеси:

  1. Бишкекти Төмөнкү Ала-Арча айыл аймагындагы мектептин 375 орундуу кошумча корпусу
  2. Чүйдүн Күн-Туу айылындагы 500 орундуу мектеп
  3. Баткендин Сары-Дөбө айылындагы 150 орундуу мектеп
  4. Ысык-Көлдүн Шапак айылындагы 150 орундуу мектеп
  5. Ысык-Көлдүн Семеновка айылындагы 225 орундуу мектеп
  6. Ысык-Көлдүн Түп айылындагы 450 орундуу мектеп
  7. Ысык-Көлдүн Ичке-Суу айылындагы 150 орундуу мектеп
  8. Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы 120 орундуу №7 бала бакча
  9. Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы 120 орундуу №12 бала бакча
  10. Ош облусунун Арпа-Тектир айылындагы 225 орундуу мектеп
  11. Ош шаарындагы 720 орундуу Исхак Раззаков атындагы мектеп-гимназиясы
Exit mobile version