Site icon Reporter.kg

Бүгүн Кыргызстанда жымжырттык күнү

Жогорку Кеңештин  депутаттарын шайлоого байланыштуу үгүт иштери 27-ноябрда таңкы саат 8ден баштап токтоду.

Мыйзамга ылайык добуш берүүгө бир күн калганда үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.

28-ноябрда боло турган парламенттик шайлоого 21 партия жана бир мандаттуу округдардан 287 талапкер ат салышууда.

Шайлоо эртең мененки 8ден кечки сегизге чейин жүрөт.

Exit mobile version