Site icon Reporter.kg

Бүгүн «Москва–Бишкек» багыты боюнча аба каттамдар жанданды

Бүгүн, 22-марттан тартып «Аэрофлот» авиакомпаниясынын «Москва–Бишкек–Москва» багыты боюнча эртең мененки каттамы жандандырылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, «Аэрофлот» авиакомпаниясы Москва-Бишкек каттамын күнүнө эки жолу, эртең менен жана түштөн кийинки убакта аткармакчы.

«Авиабилеттерге байланыштуу суроолор боюнча авиакомпанияга кайрылуу керек»,- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Орусиянын «Аэрофлот» авиакомпаниясы 8-марттан тартып чет өлкөгө, анын ичинде Кыргызстанга да учкан бардык каттамдарынын убактылуу токтоткон. Бирок, аталган компания 14-мартта Кыргызстанга каттамын жандаткан.

Exit mobile version