Site icon Reporter.kg

Бүгүн Next TV каналынын директорунун соту болот

Бүгүн, 23-августта Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевдин иши кайрадан карала баштайт.

Соттук отурум дээрлик 1 айлык тыныгуудан кийин бүгүн Биринчи май райондук сотунда өтөт. Отурум саат 14:00гө белгиленген.

Эскерте кетсек, Next TV телеканалынын директоруна «улуттар аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча иш ачылган. Аталган иштин козголушуна Next TV каналынын социалдык тармактарында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысынын «Украина менен болгон согушта Кыргызстан Россияга жардам берет» деген билдирүүсүн жарыяланганы себеп болгон.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version