Site icon Reporter.kg

Бүгүн Next TV каналынын директору Дүйшөмбиевге сот өкүмү чыгат

Бүгүн, 9-сентябрда Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевдин иши боюнча сот өкүмү чыгат. Бул тууралуу саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.

Соттук жыйын Биринчи май райондук сотунда саат 14:00дө башталат.

5-сентябрда өткөн соттук процессте прокурор айыпталуучуну 7 жылга эркинен ажыратууну суранган.

Эскерте кетсек, Next TV телеканалынын директоруна «улуттар аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча иш ачылган. Аталган иштин козголушуна Next TV каналынын социалдык тармактарында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысынын «Украина менен болгон согушта Кыргызстан Россияга жардам берет» деген билдирүүсүн жарыяланганы себеп болгон.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version