Site icon Reporter.kg

Бүгүн президент Садыр Жапаров 53 жашка чыкты

Садыр Жапаров

Бүгүн, 6-декабрь президент Садыр Жапаровдун туулган күнү. Ал 53 жашка чыкты.

Садыр Жапаров Нуркожоевич 1968-жылы 6-декабрда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кең-Суу айылында туулган.

Жапаров 1986-жылы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы Дене тарбия жогорку окуу жайына өткөн. 1987-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1989-жылга чейин Новосибирск шаарында радиотелеграфисттер бөлүмүнүн командири болуп кызмат өтөгөн. «Советтик Армиянын отличниги» деген наам алган. 1989-жылдан 1992-жылга чейин кайрадан Дене тарбия институтунда билим алуусун уланткан. Экинчи жогорку билимин, Кыргыз-Россия Славян университетинде алып, аталган университеттин юридикалык факультетин ийгиликтүү аяктаган.

Эмгек жолу:

1991-1994-жылдары «Солтонкул» дыйкан чарбасынын жетекчиси;

1994-1996-жылдары «Кергей» нефти компаниясынын директору;

1996-1997-жылдары Ысык-Көл облустук ИИМдин атайын ротадагы инспектору;

1997-2001-жылдары Мунай зат ташыган «Гузель» компаниясынын башкы директору;

2001-2005-жылдары Балыкчы шаарындагы «Нурнефтегаз» мунай компаниясынын башкы директору;

2005-2007-жылдары Жогорку кеңештин депутаты, «Келечек» фракциясынын жетекчиси;

2006-жылы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын мүчөсү;

2007-жылы Мунапыс берүү боюнча комиссиянын жетекчисинин орун басары;

2008-2010-жылдары Жемкордукту алдын алуу улуттук агенттигинин комиссары;

2010-2013-жылдары Жогорку кеңештин депутаты.

2017-жылы 25-мартта Садыр Жапаров кармалган. Ал барымтага алууну уюштурган деп күнөөлөнүп, эркинен ажыратылган.

2020-жылы октябрь айынан тартып премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу.

2021-жылдын 28-январынан тартып президент.

Exit mobile version