Site icon Reporter.kg

Бүгүн Путин менен Садыр Жапаров Сочиде жолугат

Бүгүн, 24-майда президент Садыр Жапаров Орусиянын лидери Владимир Путин менен Сочиде жолугат.

Маалыматка таянсак, Орусия менен Кыргыз өлкөсү соода-экономикалык, аскердик-техникалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда өз ара иштешүү талкууланат.

Белгилей кетсек, Жапаров президент болгондон кийин 24-февралда алгачки иш сапарын Орусияга баруу менен баштаган. Анда эки өлкөнүн башчылары ар тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, өлкөлөрдүн өз ара байланышын өнүктүрүү келечегин талкуулап, бир нече документтерге кол коюлган.

 

 

Exit mobile version