Site icon Reporter.kg

Бүгүн түндө Кыргызстанда үшүк жүрөт

Кыргызстанда 30-мартка караган түнү үшүк жүрөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, үшүк Чүй өрөөнүндөгү дыйканчылык аймактарда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жүрөт. Абанын температурасы -1 градустан -3 градуска чейин төмөн болот. Ал эми Талас облусунда -2… -4 градус суук болушу күтүлөт. Аба ырайынын өзгөрүшүнө жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүп, суу каптоо коркунучу бар.

Exit mobile version