Site icon Reporter.kg

Бүгүн жааган жаандан кийин Нарында 2 үйдү сел каптады

Нарында бүгүн түшкө чейин жаан жаап, Учкун айыл аймагына караштуу Куланак айылынын Кур-Жылга коктусунан сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

2 турак үйдүн короосун жана №86 кесиптик лицейдин жылуулук түтүкчөсүн суу алды. Андан тышкары, айдоо аянттарына дагы зыянын тийгизди.

Белгилей кетсек, учурда Жалал-Абад, Чүй, Ош жана Баткен облустарында селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version