Site icon Reporter.kg

Бүгүн Жогорку Кеңеш мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун карайт

Бүгүн Жогорку Кеңеш жалпы отурумда мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда карайт.

Белгилей кетсек, парламенттин алты фракциясы желекти эки окууда бир өткөрүүнү сунуштаган.

Долбоордун авторлору — Нурланбек Шакиев менен Улан Примов, бирок президент Садыр Жапаров Элдик курултайда депутаттарга желекти өзгөртүү тапшырмасын бергенин ачыктады.

Парламентте аз сандагы эл өкүлдөрү гана демилгеге каршы чыгууда.

Жаңы мыйзам кабыл алынса, туу авторлору өзгөрбөйт. Төрага Нурланбек Шакиевдин айтымында, 150дөй мекеме үчүн жаңы туу жасалат. Аны президент өз чөнтөгүнөн төлөмөкчү.

Азыркы желекти өзгөртүүсүз калтыруу боюнча  change.org сайтына жарыяланган кол топтоону 6 миңден ашык адам колдоду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version