Site icon Reporter.kg

Бүгүндөн тарта Бишкекте жылуулук өчүрүлө баштайт

Бүгүн, 25-марттан тарта Бишкек шаарында жылуулук өчүрүлө баштайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койду.

Жылуулукту өчүрүү тууралуу чечимди кабыл алууда абанын сырткы температурасы жана март айына карата аба ырайынын божомолу эске алынган.

Exit mobile version